Пакистанда мектептин чатыры урап 30 адам каза болду (видео)
Бүгүн, 15-октябрда Пакистандын Пешавар шаарында жеке менчик мектептин чатыры урап, 29 окуучу жана мугалим каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, каза болгон балдардын баары 13 жашка чейинки өспүрүмдөр экени кабарланууда. Мындан тышкары, 40тан ашык адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилип, айрымдарынын абалы оор деп бааланууда. Кырсык окуучулар сабакта отурган учурда болгон.
Полициянын маалыматына караганда, имарат калк жыш отурукташкан Дир-Колони районунда жайгашкан жана курулуш эрежелери сакталбай салынган. Учурда имарат дагы эле урап түшүү коркунучунда тургандыктан, куткаруучулар урандыларды этияттык менен тазалап жатышат. Каза болгондордун саны дагы көбөйүшү ыктымал.
Өлкөнүн премьер-министри Шехбаз Шериф баш болгон жетекчилер каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, урандылардын астында калгандарды тез арада куткаруу тапшырмасын беришти.
Пакистанда мектептин чатыры урап 30 адам каза болду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















