super.kg logo

DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

 

2026-жылдын 8-октябрында Өзбекстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө арналган аймактык конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында DemirBank «First Cross-border RSF Transaction» («Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор») сыйлыгын алды.

Бул сыйлык DemirBankтын Өзбекстандын Ташкент шаарындагы биринчи долбоорун — ЕРӨБдүн тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын (Risk Sharing Facility, RSF) алкагында Ozone Fitness Center фитнес-борборун каржылоону ишке ашыргандыгы үчүн ыйгарылды.

Сыйлыкты ЕРӨБдүн чакан жана орто бизнести каржылоо жана өнүктүрүү боюнча башкаруучу директору Маттео Коланджели (Matteo Colangeli) салтанаттуу түрдө тапшырды.

Бул долбоордун ишке ашырылышы DemirBankтын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүдө жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ишкердикти каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө маанилүү этап болуп калды.

Risk Sharing Facility (RSF) программасы ЕРӨБ менен өнөктөш банктардын ортосунда кредиттик тобокелдиктерди бөлүштүрүүнү карайт. Бул бизнестин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Алынган сыйлык DemirBankтын эл аралык финансылык институттар менен кызматташтыгынын натыйжалуулугун, ошондой эле Борбордук Азияда ишкердикти өнүктүрүүгө жана экономикалык байланыштарды чыңдоого кошкон салымын баса белгилейт.

DemirBank ЕРӨБ менен өнөктөштүгүн өнүктүрүүнү, заманбап финансылык инструменттерди киргизүүнү жана аймактагы бизнестин туруктуу өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду колдоону улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: