Бишкекте тогуз айда 8,4 миңден ашык объект демонтаждалды
2026-жылдын январь-сентябрь айларында Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан 8427 объект демонтаждалып, жалпы аянты 267 миң 54 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка карганда, миңдеген жеңил курулуштар, жарнамалар, тосмолор, ошондой эле жол жана суу жээктериндеги объекттер алынды.
"Укук бузуулар боюнча 76 миллион сомдон ашык суммага 2101 протокол түзүлүп, ижара акысы катары дагы 85,6 миллион сом мамлекеттик казынага түштү. Башкармалык соттук иштерге катышып, "Менин шаарым" тиркемеси аркылуу келген 1032 кайрылуу менен иштеди",- деп белгиленди маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2026-10-15
16:31
2026-10-14
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















