Медербек Алиев экологиялык мыйзамдардын натыйжалуулугу тууралуу айтты
Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев соттордун IV жылдык конференциясына катышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал экологиялык мыйзамдардын натыйжалуулугу алардын иш жүзүндө аткарылышына жана жарандардын укуктарынын корголушуна көз каранды экенин белгиледи.
Ошондой эле Жогорку Кеңеш экологиялык мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү багытында иш алып барып жатканын айтты. Анын ичинде «Климаттык иш жөнүндө» мыйзам 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Конференцияда экологиялык сот адилеттигин өнүктүрүү жана климаттык саясатты ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:16
2026-10-15
15:54
2026-10-15
15:46
2026-10-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















