Бишкекте Кыргызстан менен Австрия саясий консультацияларды өткөрдү
Бишкек шаарында 15-октябрда кыргыз-австрия саясий консультацияларынын кезектеги айлампасы өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, консультацияларга тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жана Австриянын Федералдык Европа жана эл аралык иштер министрлигинин департаментинин башкы директору Томас Мюльманн катышты.
Тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, саясий диалогду чыңдоо жана соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле гидроэнергетика, туризм, саламаттык сактоо, билим берүү, транспорт, тоо-кен өнөр жайы жана санариптештирүү тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Мындан тышкары, консулдук жана миграциялык кызматташтыкты өнүктүрүү, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү жана регионалдык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Жыйынтыгында тараптар кыргыз-австрия өнөктөштүгүн чыңдоого жана артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















