Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуштун” үлүш ээлери менен жолукту
Курулуш министри Нурдан Орунтаев 15-октябрда Бишкектеги “Дөөлөт курулуш” компаниясынын “Кудайберген” турак жай комплексинин үлүш ээлери менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Жолугушууда курулуштун жүрүшү, батирлердин баасы жана объектти бүткөрүү мөөнөтү талкууланды. Министрдин айтымында, турак жай комплексин толук бүткөрүү 1,5-2 жылдын ичинде пландалууда.
Орунтаев белгилегендей, эки жума мурун объектте 100-150 жумушчу иштеп жатса, учурда алардын саны 230дан ашты. Курулуш бардык блоктордо жүрүп, иштердин сапаты министрликтин көзөмөлүндө.
Министр батирлердин чарчы метринин баасы 920 доллар болуп белгиленгенин айтып, мурдагы 750 долларлык баа менен токтоп калган курулушту бүткөрүү мүмкүн эместигин түшүндүрдү. Анын айтымында, бул сумма курулуштун өздүк наркын гана камтыйт.
Ошондой эле үлүш ээлери буга чейин төлөгөн каражаттар кайра эсептелип, ар бир келишим өзүнчө каралары айтылды. Калган төлөмдүн суммасы аныкталгандан кийин, ал үч жылга бөлүштүрүлөт. Бул шарттар учурдагы үлүш ээлерине гана тиешелүү болот. Ал эми жаңы батир сатып алууну каалагандар үчүн турак жайлар базар баасында сунушталат.
Белгилей кетсек, “Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилериндеги курулуш иштерин жандандыруу аракети 2026-жылдын февраль айында башталган. Анын алкагында компаниянын 99 пайыздык үлүшү Курулуш министрлигине караштуу “Курулуш дирекциясына” өткөрүлүп, мамлекеттик реестрге катталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















