Базар-Коргондогу 3 унаа катышкан жол кырсыгында 23 жаштагы айдоочу каза болду (видео)
Кечээ, 15-октябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы тастыктады.
Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп, андан соң каршы тилкеде бараткан кичи автобус менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Daewoo Matiz унаасынын 23 жаштагы айдоочусу каза болду. Маркумдун 19 жаштагы жубайы ооруканага жеткирилди.
Учурда окуя боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
3 унаа катышкан жол кырсыгында 23 жаштагы айдоочу каза болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:52
2026-10-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















