super.kg logo

Ошто “Достук” айлампасында транспорттук түйүндүн курулушу башталды

 

Ошто ири транспорттук түйүндүн курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор С. Жусуев, Курманжан Датка, Т. Касымбеков жана Б. Осмонов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Достук” айлампасында ишке ашырылат.

Курулуштун алкагында транспорттук жол түйүнү, төрт пандус, сегиз тепкич жана жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк курулат. Ошондой эле унаалардын кыймылын жеңилдетүү үчүн айланма жолдор каралган.

Долбоордун жалпы аянты 6 миң 603 чарчы метрди түзөт. Ал эми жер алдындагы өтмөктүн аянты 1 миң 622 чарчы метр болуп, диаметри 100 метрди түзөт.

Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, бир жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.

Долбоор жол кыймылын жакшыртууга, унаа тыгындарын азайтууга жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: