Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри менен эмнелерди сүйлөштү?
Бүгүн, 17-октябрда президенти Садыр Жапаров Ереван шаарында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана жаңы соода каттамдарын ачууга өзгөчө көңүл буруп, кыргыз-армян мамилелерин мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашты.
Тараптар ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо жана тоо экосистемаларын сактоо жаатындагы кызматташтык маселелерин карашты. Садыр Жапаров Никол Пашинянды 2027-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Өз кезегинде Никол Пашинян Садыр Жапаровдун Арменияга жасаган алгачкы расмий сапары эки жактуу мамилелердин жаңы барагын ачарына ишеним билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Садыр Жапаров жетишилген макулдашуулар кыргыз-армян кызматташтыгына жаңы дем берерине үмүт артып, Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















