Британиянын элчиси Шакирага Кыргызстан тууралуу үч кеңеш берди (видео)
Кечээ, 17-октябрда Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Винсент Солер Дьюкар дүйнөлүк жылдыз Шакирага кайрылып, Бишкектеги концертине чейин үч кеңешин берген видеосун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Шакира, Кыргызстанга кош келиңиз! Мен Британиянын элчисимин, бирок латын америкалык тамырларым бар болгондуктан, гастролуңузда Кыргызстанды тандаганыңызга өзгөчө кубанычтамын. Бул өлкө жөнүндө сизге жаккан үч нерсени айтып берейин.
Биринчиден, меймандостук. Бул жерде конокторду ачык колдор менен кабыл алышат. Өзүңүздү үйүңүздөгүдөй сезесиз.
Экинчиден, маданият. Кыргыздар салт-санаалары менен абдан сыймыктанышат. Эгер кыргызча бир-эки сөз айта алсаңыз, мисалы, “чоң рахмат” десеңиз, сизди түбөлүккө жакшы көрүшөт.
Үчүнчүдөн, тоолор. Алар укмуштуудай. Концерттен кийин убактыңыз болсо, аларды көрбөй кетпеңиз", - деп кайрылды элчи.
Британиянын элчиси Шакирага Кыргызстан тууралуу үч кеңеш берди
0

Супер-Инфо
super.kg видео















