Азербайжандын парламентинин төрайымы Кыргызстанга келди
Бүгүн, 18-октябрда Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, "Манас" эл аралык аэропортунда Гафарованы Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы баштаган депутаттар тосуп алышты.
Сапардын алкагында Сагиба Гафарова бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарына катышары белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:35
2026-10-17
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















