super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязовдун айткандарына жооп берди (маек)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров SUPER.KG порталынынын суроолоруна жооп берди.

- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Мүмкүн болсо төмөнкү суроолорубузга жооп бересизби? Чет өлкөдө жүргөн үч-төрт мекендештерибиз өздөрүн “Шумкар” деп аташып, бир топ убакыттан бери сизди катуу сындап келишет. Эми аларга казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязов кошулуптур. Сурообуз анын айткандарынын айланасында эле. Ал киши сизди көптөн бери таанырын, 2020-жылы телефондон кырк мүнөт сүйлөшкөнүн, сиз андан акча сураганыңызды айтыптыр. Чын эле таанышсыздарбы? Сүйлөшкөн болсоңуздар сөз эмнелер тууралуу болду эле?

- Мен куудул Борончу Кудайбергенов айткандай, “тооктор тобунун” кайрылууларын, билдирүүлөрүн көрбөйм. Тээ башында бир-эки видеосун көргөм, чынымды айтайын. Көрсөм, баары эле жалгандан ойлоп тапкан жалаа жабуулар, болбогон дооматтар экен. Орустар айткандай "ниже плинтуса" түшүп кетишиптир. Ошондон кийин көрбөй калгам. Убактым да жок аларды көргөнгө. Эгер сиз айткандай, аларга Аблязов кошулуп алып "мен Садыр Жапаровду мурдатан тааныйм, менден акча сураган" деп айтса, анда накта "аферист" экен.

Мен Аблязов менен мурдатан тааныш болмок түгүл Аблязовдун “А” тамгасын тааныбайт элем. 2020-жылы октябрь окуяларында менин жанымда азыр түрмөдө олтурган Мелис Аспеков деген бала жүрүп калбадыбы. Бир күнү мага келип телефон сунду: “Мухтар Аблязов “сүйлөштүрүп койчу” деп суранып жатат, сүйлөшүп коюңузчу”,- деп. Мен эч нерсе оюмда жок эле телефонду алып сүйлөштүм. Ал мени бир-эки мүнөт мактады. “Вот кыргызы вы молодцы, вы сделали третью революции, мы казахи не можем ничего сделать. Поэтому я у вас очень прошу помочь нам, если вы дадите добро я прилечу в Бишкек, там буду сидеть и организовывать революцию в Казахстане”,- деди.

Дагы бир топ сөздөрү бар, эсимден чыгып калды. Биздин кыргыздын паспорту бар экенин, Атамбаевдин убагында алганын айтып өттү. Кыскасы, аны угуп бүтүп, эки эле сөз менен так кесе жооп бердим: “Во-первых, я не вмешиваюсь в политику соседних стран. Во-вторых, из-за вас я не буду портить отношения с Казахстаном. Лучше не приезжайте, занимайтесь своим делом”,- деп. Бүттү. Болгону эки эле мүнөт сүйлөшкөнбүз. Сиз сурап жаткандай 40 мүнөт эмес.

- Аблязов өзү айтты 40 мүнөт сүйлөшкөнбүз деп. Анан акча сураган деди.

- Аферист болсо айта берет да. Ал убакта 40 мүнөт эмес, 4 мүнөт сүйлөшкөндөй убактым жок болчу. Акча сураган дегени карандай калп. Өзү кайырчылык кылып, казак элинен Франциядагы жеке жашоосуна теңге сурап жүргөн кайырчыдан мени “акча сураган” дегенине ким ишенет. Кайырчыдан акча сурады деген логикага да туура келбейт да. Революция болгон болчу. Бийлик башына эбак эле келип олтуруп калгам. Ал күндөрү акчанын да кереги жок болчу.

Түрмөдөн чыгарып келип, президенттик тактыга олтургузган эл акчасыз эле шайлап коёру турган иш болчу. Ошондуктан жалганчылар, аферисттер бир нерсе деп айтса эле ишене бербегиле. Алар “шымына коё берип алган бала колун аябайт” болуп ар түркүн жомокторду токуп чыгып жатышат.

Андыктан Аблязовуна да, башкасына да баш оорутуп, көңүл бөлүүгө убактым жок. Болгону силер ушуларды угуп, олуттуу кылып суроо берсеңиздер айрым жарандарыбыз аларга ишенип алышпасын деп, болгонун болгондой айтып коюуну туура көрдүм. Эртең дагы бир жалганды токуп чыгышат. Аларга жооп бериштин кереги жок. Эл өзү эле талдап алат. Азыр эл башка. Саясатты семичкедей чагат. 30 жыл мурдагы эл эмес.

Маегиңиз үчүн чоң рахмат!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: