Ошто Набережная көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын көйгөйлөрү каралууда
Ош шаарындагы Набережная көчөсүнүн №3 көп кабаттуу үйүнүн жашоочуларынын көйгөйлөрүн чечүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
Ош мэриясынын маалыматына ылайык, скверлердин ачылыш аземинде тургундар шаар башчысы Жанарбек Акаевге кайрылып, үйдүн айланасындагы көйгөйлөрдү чечип берүүнү өтүнүшкөн.
Бүгүн, 19-октябрда, мэрдин орун басары Шумкарбек Пайзиевдин катышуусунда жашоочулар менен жолугушуу өткөрүлүп, анда газ жана таза суу менен камсыздоо, жылытуу системасына кошулуу, жол ачуу, арыктын ордун жылдыруу жана техникалык паспорт алуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, үйдүн айланасын көрктөндүрүү, сквер куруу жана таштанды челектеринин санын көбөйтүү маселелери көтөрүлдү.
Жолугушуунун соңунда тиешелүү мекемелердин жетекчилерине айтылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырмалар берилди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















