Жээнбек Кулубаев “Борбордук Азия – АКШ” форматындагы жолугушууга катышты
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 19-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн “Борбордук Азия – АКШ”(С5+1) форматындагы министрлер жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жолугушууда Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы экономикалык жана соода байланыштарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Кулубаев өз сөзүндө инвестиция тартуу, сооданы өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана экономикалык-технологиялык өнөктөштүктү чыңдоо маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле транспорттук коридорлорду жана логистиканы өнүктүрүү, кайра жаралуучу энергия булактары, критикалык минералдарды кайра иштетүү, санариптик жана космостук технологиялар жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө көңүл бурулду.
Министр ишкердик жана туристтик сапарлар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, гуманитардык жана академиялык алмашууларды кеңейтүү зарылдыгын да белгиледи.
Анын айтымында, “С5+1” форматы аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана Борбордук Азия элдеринин бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















