super.kg logo
  Саясат  

Министр Жээнбек Кулубаев Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушуу “Борбордук Азия – АКШ” (С5+1) форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында өттү.

Тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, 2026-жылдын 30-июлунда Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга көңүл бурушту. Ошондой эле союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо маселелери каралды.

Мындан тышкары, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү жана эки өлкөнүн аймактарынын биринчи форумуна даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакшы коңшулук жана союздаштык мамилелерди бекемдөөгө, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: