Мамлекеттик органдардын кызматкерлери арасында футзал боюнча мелдеш жыйынтыкталды
Мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин арасында өтүп жаткан Спартакиаданын алкагындагы футзал боюнча мелдеш бүгүн, 19-октябрда жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында биринчи орунду Чек ара кызматынын командасы ээледи. Экинчи орунга Ички иштер министрлигинин, үчүнчү орунга Коргоо министрлигинин командасы чыкты.
Ал эми башка мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасында Саламаттык сактоо министрлигинин командасы биринчи орунду алды. Экинчи орунду Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, үчүнчү орунду Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги ээледи.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери аныкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:33
2026-10-19
16:01
2026-10-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















