Франциядагы башаламандыктар футбол беттешинин өтүшүнө коркунуч жаратууда
Франциядагы башаламандыктардан улам Парижде өтө турган ПСЖ - "Барселона" беттешин өткөрүү маселеси жаралды. Француз маалымат каражаттарынын билдиришинче, полиция оюнду жокко чыгарууну же көрүүчүлөрсүз өткөрүүнү талап кылууда.
Маалыматта айтылгандай, нааразычылык акциялары башаламандыкка айланып, унаалар өрттөлүп, дүкөндөр талкаланып, полиция менен кагылышуулар болгон.
Булактын маалыматына ылайык, окуялардан болжол менен 1 миң тартип сакчысы жабыркап, 3 миңге чейин адам кармалган.
Беттеш эртең Парижде өтүшү керек. Бирок учурда оюнду өткөрүү боюнча акыркы чечим кабыл алынганы тууралуу маалымат жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:59
2026-10-16
10:44
2026-10-14
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















