Өзбекстандын Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева Кыргызстанга келди
Бүгүн, 19-октябрда Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева Кыргызстанга иш сапары менен келди.
Жогорку Кеңештин маалыматына ылайык, аны «Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы тосуп алды.
Иш сапардын алкагында Танзила Нарбаева бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле байкоочу макамында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйындарына катышат.
Эскерте кетсек, 20-октябрда Бишкекте ТүркПАнын Кеңешинин отуруму жана XV пленардык жыйыны өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:31
2026-10-19
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















