Кыргызстандык Фарида Абдуева Мишэль Оливейра менен беттешет
Бүгүн, 22-октярбда Абу-Даби шаарында UAE Warriors 74 турнири өтөт. Бул тууралуу аталган уюм билдирди.
Аталган мелдешке кыргызстандык спортчу Фарида Абдуева катышат. Ал бразилиялык Мишель Оливейра менен чемпиондук кур үчүн күч сынашат. Ошондой эле алар кечээ, 21-октябрда көз караш таймашын өткөрүштү.
Эскерте кетсек, Абдуева буга чейин он беттеш өткөрүп, анын сегизин жеңиш, экөөсүн жеңилүү менен аяктады. Ал эми Оливейра учурда UAE Warriors уюмунун аялдар арасындагы минималдуу салмактагы дүйнө чемпиону болуп саналат.
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















