Кыргызстандын жаш футболчулары алгачкы жолу Дүйнө чемпиондугуна катышат
Кыргызстандын футбол боюнча 15 жашка чейинки (U-15) өспүрүмдөр курама командасы алгачкы жолу Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу кечээ, 21-октябрда Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 22-31-октябрда Азербайжандын Баку шаарында ФИФАны өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугу орун алат. Мелдешке 2011-2012-жылдары туулган футболчулардан куралган 190 команда катышат. Кыргызстандын курама командасын башкы машыктыруучу Владимир Сало жетектейт.
Кыргызстан курама командасынын оюн жадыбалы (U тайпасы):
- 24-октябрь, саат 14:45 - Кыргызстан - Уганда;
- 25-октябрь, саат 12:15 - Кыргызстан - Эквадор;
- 25-октябрь, саат 20:15 - Кыргызстан - Экватордук Гвинея;
- 26-октябрь, саат 11:00 - Кыргызстан - Тонга;
- 26-октябрь, саат 19:00 - Кыргызстан - Кабо-Верде.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















