Казак армиясында эмне өзгөрөт? Коопсуздук кеңеши аскердик реформа планын бекитти
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев аскердик реформа боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.
Акорданын 21-октябрда тараткан маалыматы боюнча, Коопсуздук кеңешинин жыйынында бүтүндөй мамлекеттик аскердик уюмдун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган реформа планынын негизги жоболору бекитилген. Негизги өзгөрүүлөргө төмөнкүлөр кирет:
- Эки баскычтуу аскерге чакыруу моделине өтүү. Жаңы келгендер алгачкы алты ай бою окуу борборлорунда окуудан өтүшөт, андан кийин аскердик бөлүктөрдө түздөн-түз аскердик даярдыкка басым жасоо менен кызмат өтөшөт.
- Пилотсуз күчтөрдү түзүү жана армиянын негизги компоненттерин күчөтүү.
- Аскердик консультанттарды жана аскердик иштер боюнча комиссарды түзүү.
- Дедовщинага жол бербөө жана аскердик тартипти чыңдоо чаралары.
Айта кетсек, Казакстан Каспий деңизиндеги каргашадан кийин аскердик реформа баштоодо.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















