Индонезияда студенттер митингге чыгышты (видео)
Индонезиянын бир катар шаарларында студенттер жана коомдук активисттер массалык нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалымдалгандай, нааразычылык акциялары 20-октябрда Жакарта, Жокьякарта, Бандунг, Макасар жана башка шаарларда өттү. Катышуучулар токойлордо жана башка жерлерде чыккан ири өрттөрдү улуттук кырсык деп таанууга чакырышты. Ошондой эле өрттүн себептерин иликтөөнү, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну жана жабыркаган жаратылыш аймактарын калыбына келтирүүнү талап кылышты.
Мындан тышкары, акциянын катышуучулары баалардын өсүшүнө, экономикалык саясатка жана билим берүү системинин абалына нааразычылыгын билдиришти. Алар коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү жана сөз эркиндигин камсыз кылууну да талап кылышты.
Массалык акциялар учурунда коомдук тартипти сактоо үчүн Жакартага 9 миңден ашык полиция кызматкери жөнөтүлгөнү кошумчаланды.
Индонезияда студенттер массалык нааразылык акциясына чыгышты
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















