Орусия менен Украинанын жаңжалы аяктап баратабы?
Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Украинадагы жаңжал аяктоого жакындап баратканын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда чет өлкөлүк маалымат агенттиктери маалымдашты.
Маалыматка караганда, Ушаков: "Канчалык жакындап калганыбызды билбейм, бирок иш ушул багытта бара жатат",- деп билдирүү жасады.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф менен жолугушууда Москва Украина жана АКШ менен үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү ноябрдын экинчи декадасында кайра баштоого даяр экенин айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















