Композитор Турганбай Молдогазиев 86 жашында дүйнө салды
Кыргызcтандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор, обончу жана маданият таануучу Турганбай Молдогазиев 86 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Турганбай Молдогазиев 1940-жылы 13-июнда Ысык-Көл облусунун Темир айылында туулган. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана Москва мамлекеттик маданият институтун аяктаган. Молдогазиев кыргыздын улуттук музыкасын, фольклорун жана "Манас" эпосун изилдөөгө салым кошкон. Ал "Сонун кез", "Ак шоола чачсаң", "Гүл талаа", "Гүлдөй бер, Кыргызстан" сыяктуу чыгармалардын автору болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:48
2026-10-22
13:14
2026-10-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















