Трамп бийликке келгенден бери 300 миңден ашык виза жокко чыгарылды
Дональд Трамп экинчи жолу президент болгондон бери АКШда 300 миңден ашык виза жокко чыгарылды. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Мора Намдар соцтармактагы баракчасына жазды.
"300 миңден ашык виза жокко чыгарылды жана алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн",- деп жазды Намдар. Ошондой эле ал АКШга барууга уруксат алган адамдар өлкөнүн мыйзамдарын сакташы керектигин белгиледи. Мыйзам бузган учурда алар визасынан ажырашы мүмкүн экенин эскертти.
Дональд Трамп экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкенден кийин АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы чаралар күчөтүлдү. Өлкөнүн Иммиграция жана бажы көзөмөл кызматы чек ара кызматкерлери менен биргеликте бир катар рейддерди өткөрдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















