Кыргызстанда энелердин өлүмү 34,4 пайызга азайды
Өлкөдө энелердин өлүмү 34,4 пайызга азайды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка карганда, жылдын башынан бери кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде энелердин өлүмүнүн 23 учуру катталды. Бул көрсөткүч 100 миң тирүү төрөлгөн балага карата 22,1 учурду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,4 пайызга төмөн экени маалым болду.
Ага карабастан, министрлик ар бир учурду тыкыр карап, алдын алуу чараларын көрүп жатканын кошумчалады.
Ошондой эле министрлик социалдык жактан аялуу топтордогу аялдар үчүн заманбап контроцепция сатып алууга мамлекет тарабынан 12,5 миллион сом бөлүнүп, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында жеңилдиктер берилгенин кошумчалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















