Филиппинде фестиваль учурунда катталган өрттөн 9 адам жабыркады (видео)
Филиппинде 21-октябрда кечинде жыл сайын өтүүчү "Buglasan Festival" иш-чарасы учурунда өрт чыгып, 9 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, өрт Чыгыш Негрос провинциясындагы Думагете шаарында өтүп жаткан фестивалда Канлаон шаарынын көргөзмө павильонунан чыккан. Жашылча салынган себеттин формасында кооздолгон павильон толугу менен күйүп кеткен.
Жалын тез жайылгандыктан, павильондун ичиндеги адамдар өрттөн качып ал жерден секирүүгө аргасыз болушкан. Натыйжада 9 адам ар кандай жаракаттарды, анын ичинде жеңил күйүктөрдү алышты. Алар ооруканага жеткирилип, абалдары туруктуу экени маалымдалды.
Алдын ала маалымат боюнча, өрт электр зымдарынан келип чыккан. Окуядан кийин провинциянын губернатору фестивалдагы башка павильондорду тез арада текшерүүнү тапшырды.
Филиппинде фестиваль учурунда катталган өрттөн 9 адам жабыркады
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















