Ошто “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында экологияны жакшыртуу сунуштары иштелип чыкты
Бүгүн, 22-октябрда Ош шаарынын мэриясында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Жашыл шаар” иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу жолугушуу өттү.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, анда энергетика, имараттар, суу ресурстары жана транспорт тармактарын өнүктүрүү боюнча сунуштар каралды.
Атап айтканда, энергетикалык объекттердин натыйжалуулугун жогорулатуу, имараттарды жылуулоо, таза суу менен камсыздоону жакшыртуу, дренаж системаларын жаңылоо жана экологиялык таза коомдук транспортту өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, шаар четинде көчөт өстүрүүчү питомниктерди көбөйтүү, шаарды жашылдандырууну каржылоо механизмдерин киргизүү, экологиялык акцияларды уюштуруу жана сел суулары менен келген таштандыларды кармоочу тосмолорду орнотуу демилгелери көтөрүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында Ош шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн тиешелүү мекемелердин биргелешип иш алып баруусу макулдашылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















