Кыргызстан менен Түркия транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
21-октябрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, тараптар транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, эл аралык транспорттук коридорлорду кеңейтүү жана логистикалык каттамдарды жакшыртуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда кыргызстандык продукцияны тышкы рынокторго чыгарууну жеңилдетүү, Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорго түрк компанияларын тартуу жана транспорттук инфраструктураны модернизациялоо мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүү, авиабилеттердин баасын төмөндөтүү, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, эл аралык автомобиль ташууларындагы административдик тоскоолдуктарды жоюу маселелерине көңүл бурулду.
Мындан тышкары, транспорт тармагы үчүн адистерди даярдоо жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун соңунда Руслан Казакбаев Абдулкадир Уралоглуну кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү максатында Кыргызстанга жумушчу сапар менен келип кетүүгө чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















