Түштүк кореялык компания Кыргызстанга 10 миллион доллар инвестиция салууну карап жатат
Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түштүк кореялык HWAYA INC компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстанда өндүрүш ишканасын түзүү, аны эркин экономикалык аймакка жайгаштыруу жана кыргыз-корей инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды.
Маалыматка ылайык, HWAYA INC компаниясы Кыргызстанда өндүрүш долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Долбоорго болжолдонгон инвестициянын көлөмү 10 миллион долларды түзөт.
Тараптар өндүрүш үчүн ылайыктуу аянтчаны тандоо, керектүү инфраструктура менен камсыз кылуу жана даяр продукцияны Борбор Азия өлкөлөрүнүн рынокторуна экспорттоо маселелерин да талкуулашты.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 16–22-сентябрында Корея Республикасына болгон жумушчу сапардын алкагында Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен HWAYA INC компаниясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган. Документ инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө жана өнөр жай долбоорлорун илгерилетүүгө багытталган.
Жаңы долбоор Кыргызстанга чет элдик инвестицияларды тартууга жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















