Нарында майыптыгы бар жарандар үчүн шарттар текшерилүүдө
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы Жумгал районундагы социалдык жана административдик объектилерде майыптыгы бар жарандар үчүн тоскоолдуксуз чөйрөнүн түзүлүшүн текшерүүдө.
Текшерүүгө райондук мамлекеттик администрация, Кадастрдын райондук филиалы, Байзак айыл өкмөтү, эки орто мектеп, эки Маданият үйү жана райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы камтылды.
Анда имараттардагы пандустардын жана кармагычтардын абалы, кире бериштердин жана эшиктердин майыптар арабасына ылайыктуулугу, санитардык жайлардын жеткиликтүүлүгү жана коопсуздук талаптары каралууда.
Ар бир объект боюнча аныкталган жагдайлар катталып, тиешелүү актылар түзүлүүдө. Кемчиликтер табылган учурда объект жетекчилерине аларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилүүдө.
Иш-чаранын максаты — майыптыгы бар жарандардын укуктарын коргоо жана бардык жарандар үчүн коопсуз, жеткиликтүү чөйрөнү камсыз кылуу.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















