Садыр Жапаров уулун Европада окутууда маселе болгонун айтты (видео)
Өлкө башчы Садыр Жапаров 12 жылдык окуу бар экенин Европада жүргөндө билгенин айтты. Президент уулу Рустамды университетке окутууда ушундай көйгөйгө кабылышканын билдирди.
"Европада төрт жыл жашадым. Экинчи уулум Рустамды 11-классты бүткөндө алып кеткем. Университетке киргизели десек, "силер бул жакта 12-классты окушуңар керек" дешти. Мен ошондо дүйнө жүзү 12 класстык окууга өтүп кеткенин билдим. Биз КМШ өлкөлөрү эле калып калган экенбиз", - деди мамлекет башчысы 24-октябрдагы Аксы районунун калкы менен болгон жолугушуусунда.
Садыр Жапаров 12 жылдык окутууга өткөрүү агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын эмгеги экенин баса белгиледи.
"Беш министр алмаштыргам. Ар бирине "12 жылдыкка өткөр" деп айтып келдим. Алар жалкоолук кылыштыбы, же билимдери жетишкен жокпу, өткөрө албай коюшту. Мына ушул министр өткөрдү. Бирок санариптештирүүгө эртерээк киргизгиле", - деди президент.
Садыр Жапаров уулун Европада окутууда маселе болгонун айтты
0

Супер-Инфо
super.kg видео















