Садыр Жапаров Максим Бакиев атасына да акча бербей кеткенин айтты (видео)
Өлкө башчы Садыр Жапаров Токтогулдун эли менен болгон жолугушууда Алексей Ширшов бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим тууралуу маалыматтарды бергенин айтты.
Мамлекет башчысынын айтымында, Ширшов Максим Бакиев атасын баш кылып, өнөктөштөрүнүн бардыгын алдап кеткенин айтып берген.
"Качканда бүт акчанын баары Максимге кеткен экен. Анан ал досторунун бардыгын сызга отургузуп, бир тыйын бербептир. Баары талаада калыптыр. Ал айтып берди, "керек болсо атасына акча бербейт" деп. "Мына ушундай сараң бала экен, ошон үчүн келип жатам" деп айтып берди", - деди Садыр Жапаров.
Президент Максим Бакиев атасына да акча бербей кеткенин айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:54
2026-10-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















