Бишкекте баңгизат ташып кирүү каналына бөгөт коюлду (видео)
Бишкек шаарында Орусиядан Кыргызстанга баңгизатты мыйзамсыз ташып кирүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Орусиядан Кыргызстанга жөнөтүлгөн таңгакты алып жаткан жеринен 28 жаштагы шектүү кармалды.
"Таңгакты тинтүү учурунда аба тазалагычтын ичинен 1 килограмм 64 грамм "Альфа-PVP" психотроптук заты табылды. Аталган жаран 4 айдан бери психотроптук заттарды жашыруун жайгаштыруу жолу менен алектенип келген. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда",- деп белгиленет маалыматта.
Бишкекте баңгизат ташып кирүү каналына бөгөт коюлду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















