super.kg logo

Бишкекте ири өлчөмдөгү баңгизаттарды таратууга шектелип эки жаран кармалды (видео)

 

Бишкекте баңгизаттарды таратууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири 2000-жылы туулган чет өлкөлүк С.Б, ал эми экинчиси 2000-жылы туулган М.А. аттуу кыргызстандык жаран. Алардан жалпы салмагы 7 килограмм 300 грамм синтетикалык ар түрдүү баңгизаттар табылды.

"Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу учурунда тиешеси бар адамдардын кирешеси 46 миллион сомду түзмөк. Тергөө иштеринин жүрүшүндө чет өлкөлүк шектүүнүн буга чейин Грузия, Армения жана Орусиянын аймактарында баңгизат таратуу менен алектенгени аныкталды. Экинчи шектүүнүн Индонезиянын Бали аралында баңгизаттарды таратууга тиешеси бар-жогу тууралуу маалымат да текшерилүүдө",- деп кошумчалады мекеме.

Учурда аталган факт боюнча тергөө иштери уланууда.






Баңгизат ташууга шектүүлөр кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: