super.kg logo
  Спорт  

Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн килемге Айпери Медет кызы менен Гүлнура Таштанбекова чыгат

 

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын кыз-келиндер курамасынын алгачкы балбандары килем үстүнө чыгышат.

Алар 65 килограмм салмак ченинде күрөшкөн Гүлнура Таштанбекова жана 76 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы болмокчу. Экөө тең беттештерди 1/8 финалдан башташат. Таштанбекованын атаандашы украиналык балбан болушу мүмкүн. Ал эми Медет кызы египеттик Самар Хамза менен беттешет.

Ошондой эле грек-рим күрөшчүсү Афтандил Таалайбек уулу молдовалык балбан Корнелиу Русу менен жубатуучу беттешке чыгат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: