УКМК баңгизат сатууга шектелген 7 адамды кармады (видео)
КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга синтетикалык баңгизаттарды ири көлөмдө ташып келген делип эл аралык эки топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган топтор Кыргызстандын аймагында синтетикалык баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенишкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.
"Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында кылмышка шектелген Кыргызстандын 7 жараны кармалды. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы баасы 3,5 миллион сомдон ашкан синтетикалык баңгизаты алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда",- деп кошумчаланат маалыматта.
УКМК баңгизат сатууга шектелген 7 адамды кармады
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















