Мбаппе Кытай элинен Мао Цзэдун тууралуу тамашасы үчүн кечирим сурады
Франциялык футболчу Килиан Мбаппе Мао Цзэдун тууралуу тамашасы үчүн Кытай элинен жана дүйнө жүзүндөгү кытай коомчулугунан кечирим сурады.
Футболчу маегинде өзүнүн сүрөтүнө байланыштуу көрсөтүлгөн материалга ойлонбой жооп бергенин жана анын сөздөрү Кытайдагы көптөгөн адамдардын көңүлүн оорутканын түшүнгөнүн билдирди.
“Сөздөрүмө капа болгондордун баарынан кечирим сурайм. Менин максатым такыр андай болгон эмес. Кытай элин жана алардын тарыхын терең урматтайм. Чын жүрөктөн өкүнөм”, - деп жазды Мбаппе.
Белгилесек, Мбаппе маектеринин биринде өзүнүн сүрөтү Мао Цзэдундун сүрөтүнө кошулган интернет-мем тууралуу мындай деген:
“Мага эң күлкүлүү көрүнгөн мем – жүзүмдү кытайлык диктатордун сүрөтүнө коюп коюшканы. Мен аны досторум менен интернетте көп колдоном”.
Маанилүүсү: ал Мао Цзэдундун атын түз айткан эмес. Бирок маектин видеосунда анын сөздөрүнөн кийин Мао Цзэдундун сүрөтү көрсөтүлгөн. Ушундан улам Кытайда сын-пикирлер жаралган.
Мао Цзэдун (1893–1976) – Кытайдын коммунисттик революциясынын жетекчиси жана Кытай Эл Республикасынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал 1949-жылы Кытай Эл Республикасы түзүлгөндөн кийин өлкөнү жетектеген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















