Садыр Жапаров: "Мен ар бир талапкерди олуттуу атаандаш деп ойлойм"
Кечээ, 27-октябрда президент Садыр Жапаров SUPER.KG порталына берген маегинде алдыдагы шайлоо таза өтөрүн айтты. Өлкө башчы шайлоого талапкерлерди каттоо бүтө электигин белгилеп, алдыда дагы кыйын атаандаштар чыгарын кошумчалады.
"Азырынча талапкерлердин катталуусу бүтө элек. 13-ноябрда бүтсө керек эле. Ага чейин бир далай талапкер катталат болуш керек. Мен ар бир талапкер олуттуу атаандаш болот деп ойлойм."
Ошондой эле "олуттуу атаандаш жок" деген сөзгө токтолуп, кыргыздын накыл сөзү менен жооп берди:
"Кыргызда “өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло” деген жакшы накыл сөз бар. Ошондуктан “сизге олуттуу атаандаш жок” деген сурооңузга “ии, чын эле мен эле экенмин” деп текеберлик кылбашым керек. Олуттуу атаандаштар сөзсүз чыгат".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















