super.kg logo
  Саясат  

Президент "Камбар-Атадагы" майнинг-ферма мамлекетке өткөрүлөрүн айтты

 

Президент Садыр Жапаров "Камбар-Ата-2" ГЭСиндеги пайдаланылбай жаткан 30 мегаватт электр кубаттуулугу эмне үчүн майнинг-фермага берилгенин түшүндүрдү. Бул тууралуу ал кечээ, 27-октябрда SUPER.KG порталына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2009-жылы ишке кирген ГЭСтин 120 мегаватт кубаттуулугунун 90 мегаватт гана бөлүгүн пайдаланууга мүмкүн болуп келген. Буга электр линияларынын жана трансформаторлордун эскилиги себеп болгон. Учурда электр тармагын жаңылоо иштеринин натыйжасында апрель айынан сентябрга чейин 120 мегаватт электр энергиясын толук алып, элге жеткирүүгө шарт түзүлгөн.

Мамлекет башчысы майнинг-ферма жеке ишкердин чыгымдары акталгандан кийин толугу менен мамлекетке өткөрүлөрүн белгиледи. "Эки жыл өттү. Дагы эки-үч жылдан кийин майнинг-ферма 100 пайыз НЭСКке (“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсына) өтөт",- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: