super.kg logo
  Саясат  

Президенттин эл менен жолугушуусу үгүтпү? Садыр Жапаров түшүндүрмө берди

 

Президент Садыр Жапаров эл менен жолугушууларын шайлоо алдындагы үгүт деп эсептебеш керектигин айтты. Бул тууралуу президент SUPER.KG порталына берген маегинде билдирди.

Садыр Жапаров мыйзам боюнча президенттин ыйгарым укуктары жаңы шайланган президент ант бергенге чейин улана турганын билдирди. Ошондой эле ал 2021-жылы президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырып шайлоого катышканынын себебин түшүндүрдү.

"Мен ал кезде премьер-министр, анан президенттин милдетин убактылуу аткаруучу гана болчумун. Ошол учурдагы Конституциянын талабына ылайык, шайлоого катышуу үчүн премьер-министрлик ыйгарым укуктарымды тапшыргам. Ал эми бүгүн мен жалпы эл шайлаган президентмин",- деди Жапаров.

Садыр Жапаров эл менен жолугушууларда жарандарды өзүнө добуш берүүгө чакырбаганын айтып, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлөрүн белгиледи.

"Мен үчүн эң башкысы, шайлоо таза, ачык жана мыйзам чегинде өтүшү керек. Ким талапкер болуп шайлоого катышам десе, ак жол. Кимди президент кылып шайлоону көпчүлүк эл өзү чечет",- деп кошумчалады президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: