Садыр Жапаров Максим Бакиев өлкөгө келип кетти деген маалыматты четке какты
Өлкө башчы Садыр Жапаров биздин порталга берген маегинде Максим Бакиев өлкөгө келип кетти деген сөздөрдү четке какты. Президент ал келсе, анда дароо камакка алынарын белгиледи.
"Максим менен Жаныштын иштери такыр башка. Аларга соттун өкүмү “өмүр бою камакта олтурушсун” деп чыккан. Өкүм күчүндө турат. Ал өкүмдү эч ким өзгөртө албайт. Алар келсе, чек арадан түздөн-түз эле түрмөгө барышат.
Максим Бакиев учак менен Бишкекке жашыруун келди деген жалган сөз. Мындай сөздөрдү чет өлкөдө качып жүргөн, өздөрүн блогер же журналистпиз деп атап алгандар таратып жүрүшөт. Аларга ишене бербегиле",- деди Садыр Жапаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















