Депутат: "Аялдаманын максаты бизнес эмес" (видео)
Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу борбор калаадагы аялдамалар жөнүндө кеп козгоду.
Эл өкүлү аялдамадагы салынган калкалоочу жайлар бизнес үчүн эмес, жарандар үчүн курулушу керектигин айтты.
"Кыш келип калды. Кышта, ызгаарда аялдамаларда биздин кары-картаңдар менен жаш балдар ошол эле учурда боюнда бар келин, кыздарыбыз турушат. Көпчүлүк жарандар айтып жатышат, аялдамалар гүл саткан дүкөндөргө, соодо түйүндөрүнө айланып, эл сыртта калды.
Аялдамалар боюнча май айында Бишкек шаарынын мэри Свердлов районунун эли менен жолугушуусунда "200гө жакын келишим жокко чыкты, кайрадан жаңы шарттар менен ишке кирет" деп айткан. Аялдаманын максаты бизнес эмес да. Аялдама сууктан, ысыктан калкалана турган жай болушу керек. Мына, суук түшүп калды, а жарандар эми суукта ошол жерде тикеден-тик турушу керек",- деди ал.
Карыбек уулу бул маселени тез арада чечүүнү Бишкек шаарынын мэриясынан талап кылды.
Депутат Аялдаманын максаты бизнес эмес (видео)
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















