Депутат мектептердин жанында сатылган таттууларга тыюу салууну талап кылды (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов мектептердин жанында сатылып жаткан таттуу-тарапаларга тыюу салыш керектигин айтты.
Эл өкүлү арзан жана сапатсыз азыктар окуучулардын ден соолугуна кооптуулук жаратат деп эсептейт.
"10-15 сомдук шириндиктерге тыюу салыш керек. Бүгүнкү күндө балдардын тиштери чириген учурлар көбөйүп кетиптир",- деди ал бүгүн, 28-октябрдагы парламент жыйынында.
Сарыбашов ошондой эле мектептерде башталгыч класстардын окуучуларына бериле турган тамактардын сапаты дагы текшерилиши керектигин кошумчалады.
Депутат мектеп алдында сатылган таттууларга тыюу салууну талап кылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















