Депутат мектептерде окуу китептеринин ижара акысын текшерүүгө чакырды (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Райымберди Дүйшөнбиев мектептердеги жаңы китептерди пайдалануу үчүн төлөнгөн ижара акысын текшерүүгө чакырды.
"Аймактарда жайгашкан мектептерде окуу китептери жетишсиз болгондуктан, айрым окуучулар китепсиз калып, ата-энелер тапшырмаларды бири-биринен сурап жатышат. Ошол эле учурда мугалимдер жаңы окуу китептерин пайдалануу үчүн окуучулардан ар бир китепке 25 сомдон ижара акы төлөп, квитанция алып келүүнү талап кылышууда. Ал эми сатып алайын десе, китеп жоктугу айтылат. Ошондуктан мамлекеттик органдар китептер үчүн алынган ижара төлөмдөрүнүн мыйзамдуулугун текшерип, көзөмөлгө алсаңыздар",- деди ал бүгүн, 28-октябрдагы парламент жыйынында.
Мындан тышкары, депутат мектептердин айланасындагы дүкөндөрдө санитардык көзөмөлсүз тез даярдалуучу азыктар жана таттуулар сатылып, бул балдардын ден соолугуна зыян келтирип жатканын айтып, муну тиешелүү мамлекеттик органдар көзөмөлгө алышы керектигин белгиледи.
Депутат мектептерде окуу китептеринин аренда акысын текшерүүгө чакырды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















