Бишкекте жаңы отканалар ишке киргизилди
Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын жаңы отканаларын ишке киргизди. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Маалым болгондой, 10-кичи райондогу отканага жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч газ казаны орнотулду. Ушундай эле жабдуулар Энергетиктер шаарчасында да ишке киргизилди.
"Эки объект жалпысынан 7300дөн ашык абонентти жылуулук менен камсыздайт. Ал эми Жал конушундагы "Ротор" отканасына жалпы кубаттуулугу 20 мегаватт болгон эки жаңы газ казаны орнотулду. Буга чейинки жабдуулар дээрлик 40 жыл пайдаланылган. Мындан тышкары, ишкананын 16 объектинде жылуулук насосторун аралыктан көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген бирдиктүү диспетчердик систем ишке киргизилди. Бул технология көмүр менен электр энергиясынын сарпталышын жана зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга багытталган",- деп кошумчалады мекемеден.
Шаар башчысы отканалардын аймактарын көрктөндүрүп, тартипке келтирүүнү, шаар тургундарын кыш мезгилинде жылуулук жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо негизги милдеттердин бири экенин белгиледи.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















