Курьер аялга чогулган каражаттан ашкан сумма кимге берилет? (видео)
Кечээ, 27-октябрда жарандык активист Жаныш Нарынбиев курьер эненин жаңы үйүнө деп элден топтолгон каражаттан арткан 30 миң доллар тууралуу маалымат берди.
"Эжебиздин үйүнөн арткан 30 миң доллар тууралуу маалымат берип кетейин. Бул акчалар Ажар эженин эсебинде болот. Бизге бир муктаж адам кайрылса, биз анын үйүнө барып, жашоо шартын көрүп, чындап эле жардам керек болсо, аныктап, элден кеңеш сурайбыз. Качан эл бизге уруксат бергенден кийин гана, Ажар эжени ээрчитип барып, ошол адамдын эсебине элдин көзүнчө өткөрүп беребиз. Жалгыз бой айымдарга жардам берели",- деди ал.
Белгилей кетсек, кайрымдуу жарандардын жардамы менен эки күндүн ичинде 130 миң доллар чогулуп, Ажар айым үч бөлмөлүү батирдин ээси болду. Ал калган каражатты жардамга муктаж башка адамдарга берүүнү сунуштады.
Курьер энеден ашкан акча кимге берилет?
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















