Төрөкул Айтматовдун тагдыры тасмага түшүрүлөбү?
Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев Роза Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу социалдык тармактагы баракчасына эскерүү постун жарыялады. Ал акыркы жолу улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып, маектешүү учурунда анын атасы тууралуу даректүү фильм тартуу пландалып жатканын билдирген.
"Түрктөр Төрөкул Айтматов жөнүндө даректүү фильмди баштаганы турушат. Сценарийин мен жаздым. Сиздин сөзүңүз фильмдин өзөгү болот, жакында барып тартышат. Сүйлөп бересиз",- деп айтканын эскерди Раев.
Мындан тышкары, ал Роза Айтматова атасынын ысымын өзү каалагандай даңазалай албай калганын, муну өмүрүндөгү эң чоң өкүнүчтөрүнүн бири катары белгилегенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:43
2026-10-26
8:52
2026-10-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















