Кыргызстан менен Өзбекстандын энергетика министрлери жолугушту
Кечээ, 28-октябрда Кыргыздын энергетика министри Алтынбек Рысбеков менен Өзбекстандын энергетика министри Шерзод Ходжаевдин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.
"Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгынын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Эки мамлекеттин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелердин аркасында, ар түрдүү тармактарда кызматташтык ырааттуу өнүгүп жатканы белгиленди. Бул өлкөлөрдүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Белгилей кетсек, жолугушууда электр энергиясын жеткирүү жана транзиттөө, Борбордук Азиянын бирдиктүү энергетикалык тутумунун туруктуу иштешин камсыз кылып, ошондой эле күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча маселелерине өзгөчө көңүл бурулду",- деп белгиледи министрлик.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика тармагындагы практикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, өз ара пайдалуу демилгелерди илгерилетүүгө жана эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















