Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда, иш сапары менен Түркиянын Анкара шаарына барды.
Мамлекет башчысынын учагы Анкара шаарындагы “Этимесгут” эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик туулары илинип, ардак кароол ротасы тизилди.
Садыр Жапаровду Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Сапардын алкагында президент Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















